• 87.45
  • 97.39
  • 1.06

Кыргызстандык тасма Индиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Индиянын Калькутта шаарында өтө турган кинофестивалдын атайын сынактан тышкаркы бөлүгүндө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 8-15-ноябрь күндөрү болуп өтүп, көрүүчүлөргө жалпы 60тан ашык өлкөнүн 300дөн ашык тасмасы көрсөтүлөт.

Аталган фестиваль 1995-жылдан өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий