Кыргызстандык спортчулар Россиядагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатта 12 алтын медаль алышты

Спорт

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Россиядагы пауэрлифтинг боюнча чемпионатта 12 алтын медаль алышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, дүйнө чемпионаты 20-сентябрдан 1-октябрга чейин Екатеринбург шаарында өткөн. Кыргызстандан 5 спортчу катышышты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 12 алтын жана 1 күмүш, 4 абсолюттук кубок алып келишти. Кыргызстандык спортчу чемпионаттын “мыкты пауэрлифтеру”, ал эми кураманын машыктыруучусу “мыкты машыктыруучу” катары таанылышты.

Пауэрлифтинг – күч спортунун бир түрү. Анда спортчу үчүн эң жогорку оор салмакта жеңүү керек. Буга ийнине штанга коюп отуруп туруу, штанганы жатып алып көтөрүү жана секиден штанганы түртүү кирет.