Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча Гран-при мелдешинде 3 медалга ээ болушту

Спорт

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Швейцарияда өткөн пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 14-16-май күндөрү Ноттвилде өттү.

Адилет Камчыбеков ядрону түртүү боюнча жеңүүчү аталды. Ал эми Арстанбек Базаркулов найзаны ыргытуу боюнча алтын медаль тагынып, ядрону түртүү боюнча коло байгенин ээси болду.