Кыргызстандык самбочулар Сербиядагы дүйнө чемпионатында 6 медаль багындырышты

Спорт

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык самбочулар Сербиядагы дүйнө чемпионатында 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Нови-Сад шаарындагы мелдешке 30 өлкөнүн 400 спортчусу катышкан.

Мэриядан маалымдашкандай, байгелүү орундарга илинген балбандар шаардагы спорт мектептеринин окуучулары: Дайырбек Карыяев 74 кг чейинки салмакта жана Шумкарбек Бактияр уулу 68 кг чейинки салмакта күмүш медалды утушту.

Ал эми 52 кг чейинки салмакта Самара Абдумалик кызы коло медалга ээ болду.