• 87.1
  • 99.05
  • 1.07

Кыргызстандык самбочулар Кипрда өткөн биринчиликте эки медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 21.10.19 /Кабар/. Кыргызстандык самбочулар Кипрда өткөн биринчиликте эки медаль утушту. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир Кипрдин Лимасол шаарында 19-20-октябрь күндөрү өткөн.

Кыргызстандын намысын коргогон Мурат Баймулдинов 74 кг чейинки салмак категориясында беттешке чыгып, коло медаль тагынды. Ал эми Султанбек Базаров 68 кг чейин салмак жана 50-54 жаш курак категориясында коло медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий