Бишкек, 02.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык режиссер Молдосейит Мамбетакунов түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана Түркиянын аймактарынын даректүү тасмаларынын фестивалынын байгесине ээ болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com расмий сайтында маалымдалат.
Иш-чара 28нен 29-сентябрга чейин Стамбулда өткөн. Кыргызстандык режиссер профессионалдык категория боюнча байгени багындырган.
Андан сырткары кыргыз-түрк “Манас” окуу жайынын студенттери Касиет Кубанычбекова жана Айзада Алиева аталган фестивалдын “Студенттик тасма” бөлүмү боюнча лауреаттары болушту.
Аталган иш-чарага Азербайжан, Башкырстан, Косово, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Якутиядан 19 тасма катышкан. Тасмалар “Профессионалдык режиссер”, жана “Режиссер студент” категориялар боюнча бааланган.
Фестиваль Түрк дүйнөсүнүн Бүткүл дүйнөлүк журналисттер уюму тарабынан уюштурулган.