Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтчү “Дүйнө Гран-При” аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш 30-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
- 48 кг Хайитхон Хусан кызы (48 кг);
 - 90 кг Давран Садыков (90 кг);
 - 60 кг Алихан Жумагулов (60 кг);
 - 73 кг Маматибраим Суранов (73 кг).
 
Курама команда башкы машыктыруучу Канат Имиянов жана машыктыруучу Байбол Саламат уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий