• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Кыргызстандык окуучулар Москва МУнун гимназиясына кирүү экзамендерине катыша алышат

Билим 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Кыргызстандагы мектептин 7-9-класстарынын окуучулары М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин гимназиясына кирүү экзамендерине катыша алышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кирүү тести 26-мартта Бишкек шаарындагы М. Жунусалиев 175 көчөсүндөгү “Ломоносов мектеби” илимий-методикалык комплексинин базасында өтөт.

Кабыл алуу эрежелери жөнүндө гимнаиянын сайтынан билсе болот.

Пикир

Оставить комментарий