Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн олимпиадада 6 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен:
- "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Ян Бобрус — күмүш:
- Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров — коло;
- Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев — коло;
- Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын окуучусу Назар Киргизбаев — коло;
- №70 ОТК МГнын окуучусу Султан Мусаходжаев — коло;
- "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов — коло медалга ээ болушту.
Команданын жетекчилери Мамат Ишматов, Тимур Мамбетов, Бекжол Жолдубай уулу.
Белгиленгендей, 15-июндан 4-июлга чейин Кыргызстандын командасы Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты.
Учурда Кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кетти.