• 87.45
  • 99.18
  • 1.1

Кыргызстандык Муртазалиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 23.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир Абу-Даби (БАЭ) шаарында өтүп жатат.

Муртазалиев 85 кг чейинки салмак ченинде килем үстүнө чыккан. Ал төрт атаандашып жеңип, финалдык беттеште россиялык спортчуга жеңилип калып, экинчи орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий