Кыргызстандык Мирлан Асеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Мирлан Асеков IGF версиясы менен грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө спортчунун устаты Эмил Токтогонов билдирген.

Турнир Вильнюс шаарында 26нан 28-октябрга чейин өткөн.

"Монгол" каймана аты менен беттешке чыккан кыргызстандык спортчу жарым финалда Россиянын спортчусун жеңип, чечүүчү кармашка латвиялык атаандашын утуп алган.

Ошентип, Мирлан Асеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.