Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркияда кыргызстандык куткаруучулар издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын астында аман калган бешинчи жаранды куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси” аталган аймагынан ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан Түркияга 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн.
Ал эми кечээ, 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлсө, бүгүн 13-февралда 35 адам, алардын ичинде - үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти.
Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.
Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан 4 адамды куткарып, 104 жарандын сөөгүн чыгаргандыгы кабарланган.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.