Бишкек, 13.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык эки спортчу XIX - XX кылымдардагы атактуу балбандардын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Эл аралык турнир 9-13-декабрда Россиянын Хасавюрт шаарында өттү.
Мелдеште Арсалан Будажапов (В79) күмүш, Исламбек Орозбеков (В74) коло медалга татыды.
Эскерте кетсек, эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 15 балбан аттанган.