Кыргызстандык дзюдочу Тажикстан президентини кубогунда коло медаль утту

Спорт

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Шахриер Идрисов дзюдо боюнча Тажикстан президентинин кубогунда коло медаль утту. Бул тууралуу аталган спорт боюнча федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 5-октябрда Вахдат шаарында өтүп, ага 20 өлкөнүн спортчулары катышкан. Алардын арасында Япония, италия, АКШ, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусия ж.б,.

Идрисов 90 кг салмактык категория боюнча үчүнчү орунду ээлеген.