Кыргызстандык үч дзюдочу дүйнөлүк рейтингде мыкты 30 спортчунун катарына кирди

Спорт

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Анталияда өткөн Гранд Слам турниринен кийин дзюдочулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, 15-сапка жайгашты.

Ал эми Кубанычбек Айбек уулу менен Асад Масабиров мыкты 30 спортчунун катарына кирди.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Айбек уулу Тбилиси шаарында өткөн Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болгон.