Бишкек, 24.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн BLACK & WHITE-2018 бий турниринде 6 алтын, 4 коло жана бир күмүш медаль утушту.
КР бий спорту боюнча федерациянын президенти Сергей Титунин билдиргендей, биринчи эл аралык турнир 20-21-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген спортулар катышкан.
Бардыгы болуп спортулар 11 медаль утуп келишкен. Спортчулардын баары машыктыруучу Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейдин окуучулары.