Бишкек, 15.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык балчылар Кытайга ак бал ташышат. Бул туурадуу Инвестицияларды жана экспортту илгерлетүү мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, 9-ноябрда “Нарын Уюк” коомдук уюмунун өкүлдөрү “Эл аралык трансконтиненталдык инновациялык технологиялар корпорациясы” менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар “Нарын Уюк” коомдук уюму тарабынан Кытайга 10 тонна ак бал жеткирүүнү макулдашышты.