Бишкек, 2-август /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Модель Ырысгүл Кенжебаева “Miss Exclusive 2017” эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан катышат.
Сынактын финалы 9-сентябрда Анталия шаарында өтөт. Учурда катышуучулар онлайн-добуш берүүгө катышууда.
Каалоочулар Кенжебаевага төмөнкү шилтеме менен добуш бере алат.
“Miss Exclusive 2017” эл аралык сынагына 38 өлкөнүн сулуулары катышат. Аталган сынакта Кыргызстан алгачкы ирет катышып жатат.