Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы сугат жерлердин 4 миң 472 гектар аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын маалыматына караганда, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1576,4 млн сомдук каражатка төмөнкү иштер бүткөрүлдү:
- 5 ирригация объекттин курулушу;
 - 634,7 чакырым каналдын;
 - 683 гидротехникалык тосмонун;
 - 275 гидрометрикалык тосмонун;
 - 8 суткалык жөндөө бассейндин;
 - 105 насостук станциянын;
 - 172 насостук агрегаттардын оңдоо;
 - 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу;
 - 223,6 км коллектордук-дренаждык торчолордун механикалык тазалоосу аягына чыгарылды.
 
"Жыйынтыгында сугат сууну жеткирүүдөгү жоготуулар 30 пайызга, сугат сууну жеткирүү 20 пайызга жогорулады", - деп кошумчалады министр.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий