Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Март айында белгиленген эрте жаздын келиши жана аба ырайынын ыңгайлуу шарттары жазгы талаа иштеринин темпинин жогорулашын шарттады, деп билдирет Улуттук статистика комитети.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата республика боюнча жалпысынан 124 миң гектар жогору эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 1,6 эсеге көп.
Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата жаздык буудай эгилген аянт өткөн жылдын ушул эле датасына жаздык эгин себилген аянтка карата 1,7 эсеге, арпа 1,5 эсеге, май өсүмдүктөрү 3 эсеге, жашылчалар 2 эсеге жана картошка 1,4 эсеге өстү.
2023-жылдын 23-мартына карата жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма салмакты Чүй облусу - 52%, Ош - 21%, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын - 13% чарбалары ээледи.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 37,4 миң гектар аянтта күздүк эгиндерди азыктандыруу жана 154,4 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.