Кыргызстанда жашыл экономиканын өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар – Германиянын КРдагы элчиси

Экономика

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда жашыл экономиканын өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар, алар энергиянын жаңылануу булактары, экотуризм, айыл-чарба, кайра иштетүү ж.б чөйрөлөрүндө. Бул тууралуу “Жашыл экономика” форумунда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен билдирди.

Ал Германия Кыргызстанга бул багытта колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

“Бүгүнкү форум – өкмөт, Жогорку Кеңеш жана жеке сектор ортосундагы диалог. Бул диалог абдан керек. Жана бул форум экономика министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткандыгы абдан кубандырат”, - деди ал.

Моника Иверсен Германиядан көрсөтүлүүчү колдоо стратегияны ишке киргизүүдөн баштап, жеке секторго инвестицияларды чакырууга жол түзүүгө чейин ар тапта болоорун тактап кетти.

“Биз 2023-жылга чейинки жашыл экономика программасын иштеп чыгууга кошулууга даярбыз. Өз ара талкуу жүргүзүүгө Форум абдан жакшы формат түзүп берди”, - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары элчи жакында эле, Германия Университети жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайы ортосунда биоэкономиканы түзүү боюнча программаны иштеп чыгуу тууралуу макулдашууга кол коюлгандыгын айтты.