Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. 2001-жылдан бери өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайларды В вирустуу гепатитине каршы эмдөө программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, курч В вирустук гепатити балдар арасында сейрек катталат.
"Жалпысынан калк арасында оорунун көрсөткүчү 9 эсеге кыскарды", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар адам папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өткөнүн белгиледи. Бул программа профилактикалык эмдөө календарына ылайык жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 240 миң 287 кыз АПВга каршы эмдөөдөн өттү.