• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 104 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 104 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 45, Нарын облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 14 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий