Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада сууга чөгүп бараткан эки адамдын өмүрү куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Мээнеткеч айылында саат 22:22 чамасында лотокко 1965-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кулап түшкөн. Куткаруучулар аны 22:40та алып чыгышкан. Анын абалы канааттандырарлык.
Ошондой эле Тоң районунун Бар-Булак айылында жергиликтүү тургундар чөгүп бараткан 1994-жылы туулган С. уулу А. аттуу жарандын өмүрүн сактап калышкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардамдын дарыгерлерине өткөрүп беришкен. Анын абалы канааттандырарлык.