Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 73 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 15, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда 5 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.
Штабдан кошумчалашкандай, жалпы каза болгондордун саны 858ди түздү.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 25 миң 47ге жетти.