Бишкек, 29.11.20. /Кабар/. I Республикалык жаш театр ишмерлеринин “Жаратман — 2020″ форуму онлайн форматта өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык,форум 2020 -жылдын 4-декабрына чейин уланат.
Онлайн форумду Маданият маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ачып, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалады
Иш-чараны Маданият министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры биргеликте өткөрүп жатат.
Бир аптага созулган форумдун максаты — жаш муундардын билимин тереңдетүү жана театр искусствосун өркүндөтүүгө багытталат. Форумдун жүрүшүндө республикадагы алдыңкы театр чеберлери билими, тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Учурда форумдун жүрүшүндө республикалык, облустук жана райондук театрлардын актерлору катышууда.