Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Республика боюнча өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, багбан Кабылбек Эргашев жана Аблес Жаныбековдор бул жаатта мыкты деп табыллы.
Кабылбек Эргашов 3 гектар жердеги өрүктүн кургатылган сортунан 12 тонна түшүм алып, 2 млн сом киреше алган. Ал эми 0,5 гектар эрте бышуучу өрүктүн сортун отургузуп, үчүнчү жылы 3 миң килограмм түшүм алып, 600 миң сом киреше алган.
Ал эми, багбан Аблес Жаныбеков 1 гектар малинадан 17 тонна мөмө жыйнаган.
Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.