Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат – Соцфонд

Коом

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн мурда 20-25 жыл эмгек стаж талап кылынган болсо, эми 5 жылдык гана эмгек стаж талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Кабар" агенттигине билдирди.

"Президенттин жарлыгына ылайык 2024-жылы пенсиялар эки этап менен көтөрүлгөн. 1-июлдан тарта пенсиянын төмөнкү бөлүгүн 3500 сомго, ал эми 1-октябрдан тарта 6900 сомго жеткирдик. 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлгөн. Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. Мунун себеби, пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша прапорционалдуу түрдө эсептелип, пенсиянын базалык бөлүгү аз болуп чыгып калчу", - деп түшүндүрдү Соцфонддун башчысы.

Алиев кошумчалагандай, беш жылдык стажы жокторго эки миң сом өлчөмүндө карылык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Карылык боюнча жөлөк пул мамлекет тарабынан Эмгек министрлигинин бюджетинен берилет.