• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кыргызстанда коронавирустан 50дөн ашык медкызматкер көз жумган

COVID - 19 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан 50дөн ашык медкызматкер көз жумган. Бул тууралуу Биринчи радиодогу түз эфирде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда статистика жүргүзүлүүдө. Ага караганда, коронавируска 4 миңден ашык медик кабылган.

"Биздин медкызматкерлерибизди көрүнбөгөн душман менен күрөшүүгө эч нерсеси жок жиберишкен", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий