Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгон адамдардын саны 8 миң 116га жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда, анын ичинен жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 872 адамды түзөт (1-категория). Ал эми башка байланышта болгон адамдардын саны 6 миң 244 (2-категория).
"Байланышта болгондордун бардыгы тыкыр медициналык көзөмөлдө болуп, бүгүнкү күндө байкоодо турууда", - деп кошумчалады ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 862 адам жатат.
Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 14 учур катталып, жалпы 568ге жетти. Алардын 140ы медициналык кызматкерлер. Ошондой эле 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жети адам каза болду.