Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 915 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
Анын айтуусуна караганда, алардын баары ПЧР-анализ ыкмасы менен текшерүүдөн өткөн, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
"Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 49 484. Сутка ичинде 1 283 изилдөө жүргүзүлдү", - дейт ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 12 адам жатат.
Белгилей кетсек, 28-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 708 учуру катталды. Алардын ичинен 185и медицина кызматкери, 416 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 284 адам бар, алардын ичинен алтоо реанимацияда. Сегиз адам каза болду.