Бишкек, 05.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө бир катар чечимдерге кол койду.
Кыргызстандын президентинин атынан сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тапшырды.
Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, спорттогу алдыңкы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдоосу үчүн төмөндөгү жарандар сыйланышты.