Кыргызстанда бир жумада 95 өрт кырсыгы катталды

Кырсык

Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 95 өрт кырсыгы катталып, ага 114 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгон.

Куткаруучулардын ыкчам аракети менен 49 адам эвакуацияланган. Учурда материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.