Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 371 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 69 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 126, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 86, Баткен облусунда 26 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 562 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 114, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 47, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 109, Баткен облусунда 68 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 765 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 2, стационардан 7 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 920 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 608 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 миң 178 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 64 миң 711 киши айыгып чыкса, 1 миң 275 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий