Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Чалк-Өйдө айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн жалпы аянты 115 чарчы метр 3 бөлмөсү жана чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Баястан айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 64 чарчы метр чатыры, 280 боо чөп, 300 боо отун, 200 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.