Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Токмок шаарындагы 3-кичирайонунда кароосуз калган дүкөндүн 10 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жыгач устундуу шифер жабылган 25 чарчы метр бастырманын чатыры, жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры жана 3 куб метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Беке-Чал тилкесинде “ДАФ” оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичи тоолугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 4 чарчы метр жыгач шыбы жана электр плиткасы күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын туура эмес колдонгондон келип чыккан.
Баткен облусунун Исфана шаарында турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.