Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 32 өрт катталды. Бул тууарлуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Полтовка айылындагы бир үйдүн 20 чарчы метрди түзгөн 2 бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн айынан 58 жаштагы үй ээси Д.К.А. аттуу киши каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.
Ошондой эле Нарын шаарында “Фольсваген Пассат” жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.