Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда апта ичинде 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 1108;
-Мас абалында унаа башкаруу - 221;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 581;
-Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3044;
-Авто ээнбаштык - 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3302;
-Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 9;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11040;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1584 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.