Кыргызстанда Алма фестивалы өтөт

Коом

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда 16-Алма фестивалы өтөт. Бул тууралуу Компаньон Банкы билдирет.

Фестиваль үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында өткөрүлөт.

Фестиваль Компаньон Банкы тарабынан 2006-жылдан тартып Кыргызстандын ар кыл аймактарында өткөрүлүп келет жана андан бери эӊ жакшы салтка айланды жана ата мекендик багбандар үчүн натыйжалуу экономикалык аянтча болуп калды.

Иш-чаранын негизги максаты – багбанчылыкты өнүктүрүү жана кардарлар менен агроөнүмдөрдү сатуучулар ортосундагы рыноктук алакаларды чыӊдоо болуп саналат.

Фестиваль өлкөнүн бардык аймактарынын багбандарын чогултат. Иш-чарада алар өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алат, тажрыйба бөлүшөт, потенциалдуу сатып алуучулар менен келишимдерди түзөт жана Компаньон Банкынын агрономия боюнча адистеринен акысыз негизде кеӊештерди алышат.

Фестивалга бардык каалоочулар катыша алат.