Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу 4, Бишкек шаары 2, Жалал-Абад облусу 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кысыгы катталып, аларды өчурүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Сокулук районунун Шалта айылында жалпы аянты 96 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.