Кыргызстанда 51 миңден ашык үй-бүлө иштегендиги, же окугандыгы үчүн азык-түлүк, же накталай акча алышты

Коом

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. 51 миңден ашуун аярлуу үй-бүлө иштегендиги же окугандыгы үчүн азык-түлүк же накталай акча алышты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия жана Тынч океан регионалдык директорунун орун басары Самир Ванмали жана программанын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай менен жолугушууда билдирди.

Баатырова министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташтыкта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү "Жумуш ордуна азык-түлүк" жана "Жумуш ордуна накталай акча" долбоорлору аркылуу колдой турганын билдирди.

"2022-2024-жылдын 27-апрелине карата дээрлик 42 миң үй-бүлө же 217 миңден ашык адам жолдорду, ирригациялык арыктарды калыбына келтирүү жана алардын жамааттарынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлоруна катышканы үчүн өсүмдүк майы жана ун алышкан. Дагы 9 миң үй-бүлөгө жумушка же окууга катышканы үчүн 100 млн сом накталай акча берилди.

Социалдык контракт эң натыйжалуу долбоорлордун бири болду. Бул долбоор быйыл 23 миң аярлуу үй-бүлөнү камтыйт”, — деди Гүлнара Баатырова.

Министр ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн "социалдык паспорт" электрондук маалымат базасын модернизациялоо, социалдык контракт түзгөн жарандардын ишмердүүлүгүн коштоо, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти биргелешип улантууну сунуштады.