Кыргызстанда 2023-жылы “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун төлөөгө 6 миллиарддан ашуун сом каралган

Коом

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. 2023-жылга 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун төлөөгө 6 миллиарддан ашуун сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жөлөкпулдун өлчөмү 1200 сомду түзөт.

Социалдык коргоо органдары үй бүлөнүн кирешесинин негизинде жөлөк пулдун эсебин чыгарышат.