Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-мартында жалпы аянты 205 миң чарчы метрди түзгөн 2 миң үй жана батир колдонууга берилген.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев Бишкекте өткөн брифингде билдиргендей, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга аз.