Кыргызстан өзүн кандай продукциялар менен камсыз кылат – тизме

Экономика

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 9 негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары бекитилди, анын 7си ички өндүрүштүн эсебинен толук камсыздалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өткөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйында айтылды.

Тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июль айларына карата өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли төмөндөгүдөй:

  • нан азыктары – 86,5%;
  • картошка – 162,8%;
  • жашылча-жемиштер – 159,0%;
  • эт – 79,1%;
  • сүт – 116,3%;
  • кант - 49,2%;
  • жумуртка – 71,4%;
  • өсүмдүк майы - 48,5%.

Ошондой эле калктын муктаждыктарына байланыштуу жаңы түшүмгө чейин калктын өзүн-өзү камсыз кылуу пайызы төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Буга байланыштуу минкаб төрагасынын орун басары айыл чарба өндүрүшүн колдоо жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.