Кыргызстан Россиядан эмнени импорттоп, РФга эмнелерди экспорттойт?

Экономика

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-орус аймактар ​​аралык тогузунчу конференциясынын пленардык жыйынында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы импорт-экспорт тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстандан Россияга болгон экспорттун негизги үлүшүн жеңил жана текстиль өнөр жайынын продукциялары (кийим, бут кийим, башка текстиль буюмдары, пахта буласы), жашылча-жемиштер, жаңгактар, сүт азыктары, булгаары буюмдары, кара жана түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары, электр лампалары, автотранспорттун запастык бөлүктөрү, нефть продуктылары (автокеросин) жана башкалар түзөт.

"Ал эми Россиядан Кыргызстанга отун-энергетикалык ресурстар (нефть продуктылары, жаратылыш газы), тамак-аш азыктары жана айыл чарба сырьесу, химиялык өнөр жай продукциясы, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар, жыгач жана целлюлоза-кагаз буюмдары, машиналар, жабдуулар жана транспорт каражаттары, алардын тетиктери, текстиль жана бут кийимдер ж.б импорттолот,” – деп белгиледи министр.

Данияр Амангелдиев биздин өлкө энергетика, өнөр жай жана инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар сыяктуу тармактарда дүйнөлүк лидер болуп саналган алдыңкы россиялык компаниялар менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.