Кыргызстан менен Өзбекстан 50 млн доллар капитал менен инвестфонд түзүшөт

Экономика

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн биргелешкен инвестициялык фонд түзүшөт, аны келечекте 200 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри, экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков жана Өзбекстандын вице-премьери, инвестиция жана тышкы соода министри Сардорбек Умурзаков билдирди.

Билдирүү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда жасалды.

Түзүлүп жаткан фонд “эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн катализатору” болору жана бул бир катар жаңы биргелешкен долбоорлорду, биринчи кезекте өнөр жай кооперациясы жаатын колдоого мүмкүндүк берери айтылды.