Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы алаканы чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Лео Докертинин кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министр Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, өзгөчө билим берүү тармагында, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Ошондой эле тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.