Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия россиялыктардын эң популярдуу туристтик багыттары болууда.
OneTwoTrip онлайн сервисинин маалыматына ылайык, сервистин адистери 1-июндан 15-июлга чейинки аралыкта колдонуучулардын саясатка баруучу өлкөлөр тууралуу маалыматтарын анализдеп чыгышкан.
Эң көбү эс алуусун Түркияда өткөрө тургандыгы белгилүү болду. Бул өлкө ар бир бешинчи (18%) колдонуучуну кызыктырган.
Экинчи орунду Кыргызстан ээледи, билеттердин жалпы санынын 12 пайызы бул өлкө үчүн сатылган. Ал эми үчүнчү орунда Армения турат, ал жакка ар бир онунчу кардар учуп барган.