Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Документке кол коюлду

Спорт

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Өз ара түшүнүшүү меморандумуна эки өлкөнүн Футбол бирикмелеринин президенттери Медер Сыдыков жана Ясир Аль-Мишаль кол койду.

Меморандумдун максаты — футболду өнүктүрүү багытында кызматташуу, өз ара тажрыйба алмашуу.

Андан тышкары, менеджмент, маркетинг, калыстык кылуу, машыктыруучулук, футболдун түрлөрү, техникалык өнүгүү, спорттук медицина жана таланттарды өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташуу жагы да каралган.