Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. 27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргызстан менен Россиянын 200дөн ашык артистти катышты.
Иш-чарада эл аралык сынактардын лауреаты Закирбек Дүйшөнбек уулу жана Россиянын Н. П. Осипов атындагы Эл аспаптар улуттук академиялык оркестринин солисти Николайчук Александр комуз менен балалайкада өнөрлөрүн көрсөтүп, күү жарышка түштү.